Чычкандагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Жабыркагандар айылдаштар болгон

Унаанын ичинде үч адам бара жаткан, каза болгон жаран айдоочунун жардамчысы болчу
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чычкан суусуна кулаган күйүүчү май ташуучу унаа боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде үч адам бара жаткан, каза болгон жаран айдоочунун жардамчысы болчу.

"Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну 31 жаштагы И.А. Freightliner унаасы менен Бишкек — Ош багытын көздөй 38 тонна бензин ташып бара жаткан. Чычкан капчыгайындагы "Өрүктү" участкасындагы бурулушка келгенде руль башкара албай, унаа жолдун оң жак четине чыгып Чычкан суусунун үстүнөн курулган көпүрөдөн түшүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен айдоочунун жанында жардамчы катары жүргөн Оштун Кара-Суу районунуна караштуу Мады айылында туулган 32 жаштагы А.Н. аттуу эркек киши кабинанын ичинде калып мерт болгон. Унаада бараткан бир жүргүнчү да айдоочунун айылдашы экени айтылат. Экөө жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Күйүүчү майга ууланып кырылган балыктарды сузуп чыгышты. Чычкандагы видео
Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып аталган жер "Кооптуу участок" экени аныкталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымында көпүрөдөн өтүп баратканда Чычкан суусуна кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсыктан жабыркаган дагы эки киши аймактык ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин Нарын ГЭСтен 100 тонналык чоң кран чакырылып унааны тартып чыгарган. Ал эми суунун боюнда жайгашкан жеке ишкердин чарбасындагы 2,5 тонна балыгы ууланып өлгөн. Ал эми цистернадагы күйүүчү майдын дээрлик баары төгүлгөн. Андагы суу 15 чакырымдай агып түшүп Токтогул суусуна куят.

Кырсык кимге кандай зыян алып келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот>>