Бишкектин айрым аймактарында куурдагы суулар тоңуп калышы мүмкүнбү

Катуу суук шаардык суу менен камсыздоо тармагына кандай таасир тийгизиши мүмкүндүгүн "Бишкексууканал" ишканасынан айтып беришти
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектеги жер үйлөрдүн куурларындагы суу тоңуп калышы ыктымалдыгын "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ишкана мэрия менен ӨКМден абанын температурасы кескин сууктай турганы боюнча маалымат алып, күчөтүлгөн нөөмөт менен иштөөгө өткөн. Жалпысынан "Бишкексууканал" ишканасы кадимки эле тартипте иштейт. Андан сырткары, Сейдалиев көп кабаттуу үйлөрдү суу менен камсыздоодо маселе жаралбашы керектигин кошумчалады.

"Бир гана жер үйлөрдө жерге көмүлгөн куурлардын тереңдиги 1,2 метр эмес, 60-70 сантиметрге болгон жерлерде маселе жаралышы мүмкүн. Сөз куурду коюунун нормасы сакталбаган жаңы конуштар тууралуу болууда. Бардыгы тынч өтөт деген ойдомун", — деди Сейдалиев.

Чычкан суусуна кулаган унаадан 30 тонна бензин төгүлгөн. Ким кандай зыян тартты?
Ал ошондой эле "тургундар таза сууну камдап алышы керекпи?" деген суроого антип убара болуунун кажети жоктугун белгиледи.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 26-январдан 29-январга чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрүп, Чүй облусунун түндүк аймактарында 30 градуска чейин суук болот.

Бишкек шаарындагы үйлөргө таза суу кайдан келерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.