Бейшембиге карата аба ырайы

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 17-22 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкектин айрым аймактарында куурдагы суулар тоңуп калышы мүмкүнбү
Ага ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө —7…-12 градус болсо, Таласта —4…-9 градус суук болору айтылды. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көл облусунда 0…-5, Нарында —13…-18 градус нөлдөн төмөн болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Сууктун күчү 10 градуска жетсе, Ошто 3 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.