Радио

Батыралиев: "мына-мына кетет" дешет, бирок алтынчы өкмөт башчы менен иштеп жатам

Саламаттык сактоо министри чыныгы күрөш эми башталарын айтты
Sputnik
Батыралиев: "мына-мына кетет" дешет, бирок алтынчы өкмөт башчы менен иштеп жатам

"Мына кетет, ана кетет" деген менен алтынчы өкмөт башчынын кол алдында иштеп жатам. Бул тууралуу Талантбек Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызматтан кетээр-кетпеси министр үчүн акыркы маселе.

"Президент, өкмөт башчы жана саясатчылар колдоп турганда акыркы мүнөтүмө чейин айтканымды кылам жана жасайм. Министрлик атаман калган мурас эмес. Бирок мен чет өлкөдөн бул кызматка келээр алдында билими күчтүү адис, врач катары белсенип келгем. Каршылыктар болорун мурун эле билчүмүн. Анткени айрымдарга эң кирешелүү бизнес делген фармакология секторундагы системалык өзгөрүүлөргө барганда ушундай болот. Мына кетет, мына кетет дешет, бирок алтынчы өкмөт башчы менен иштеп жатам", — деди Батыралиев.

Ал каршы чыккандар менен күрөшүү мындан ары эми күчөй тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын соңунда айрым депутаттар Талантбек Батыралиевдин отставкасын талап кылып чыгышкан.