Жети-Өгүздө кар көчкү үч адамды басып калды. Экөө аман калса, бирөө табыла элек

Издөө-куткаруу иштерине 18 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында 21-январь күнү саат 17:00дөр чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү түшүп бир адамды басып калды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Жума ичинде кандай аба ырайы күтүлөт
Маалыматта 39 жаштагы А.Р., 27 жаштагы А.Д. жана 38 жаштагы К.Д аттуу үч киши отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшкөнү айтылат. Алардын экөө аман калып, бирөө табыла элек.

Издөө-куткаруу иштерине 18 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Куткаруучулар Каракол шаарынан аталган аймакка 22-январь күнү кечки саат 23.15те чыгып кетишкен. Учурда ал жакта байланыш жок болгондуктан акыркы маалыматтар келе элек.