Жээнбеков миллиондорду чапчыган саясий оюн уюштургандарга сөөмөй кезеди

Өлкө башчы зарылдык жаралса мыйзамда каралган тикелей мамлекеттик башкаруу киргизиле турганын айтты
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков миллиондогон акчаны чапчыган саясий оюндарга нааразы болду.

Президент, премьер жана төрага жумушка канчада келип, канчада кетет
Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө.

Өлкө башчы акыркы убакта айыл өкмөт менен мэрлерди шайлоого жөндөмсүздүгүн көрсөткөн жергиликтүү кеңештерди мисал келтирди. Натыйжада аларды таратып, кайра шайлоо дайындоого туура келип жатканын белгиледи.

"Мындай саясий оюндар миллиондогон чыгымдарга учуратууда", — деди Жээнбеков.

Президент эгер жергиликтүү кеңештин депутаттары мындай маселелерди чече албаса мыйзамда каралган тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү зарылдыгы келип чыгарына токтолду.