КР 20 жылдан бери биринчи жолу Швейцариядагы форумга барды. Сапар Исаковдун сөзү

Премьер Кыргызстанда акыркы убакта кандай долбоорлор ишке ашып жатканы тууралуу маалымдады
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Давосто (Швейцария) өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунда сөз сүйлөгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага дүйнөдөгү Microsoft, HP, UPS сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

Huawei Кытайдын аскери менен байланыштабы? "Акылдуу шаар" курчу ишкана тууралуу
Өкмөт башчы акыркы учурда ишке ашырылып жаткан санарип программалар тууралуу айтып берген. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарындагы "Акылдуу шаар" долбоорлору, санарип өкмөт, санарип билим берүү жана саламаттык сактоо долбоорлору бар.

Исаков ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуучу Digital CASA аймактык борборун куруу долбоору боюнча да маалымат берген.

Анын айтымында, Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен "Өнөктөш "Ачык өкмөт" эл аралык демилесине кошулган өлкө экенин айкан.

"Кыргызстан өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча иштерди аткарууда. Өкмөттүн ишиндеги негизги принциптер — ачык, айкын саясат жүргүзүү. Азыркы учурда жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулду. Андан сырткары, бийликтин демократиялык алмашуусуна керектүү шарттар түзүлгөн", — деди Исаков.

Финляндия Кыргызстан менен туризм жаатында кызматташууга кызыкдар болууда
Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында Индиянын тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар менен Швейцариянын мамлекеттик министри Йоханн Шнайдер-Амманн менен жолуккан. Исаков индиялык делегацияны 2018-жылы сентябрь айында боло турчу Көчмөндөр оюндарына чакырды. Ал эми Швейцариянын министрин Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип кетүүнү сунуштаган. Шнайдер-Амманн быйыл июлда келип кеткенге аракет кыларын билдирген.

Кыргызстан Давостогу бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга 1998-жылдан бери биринчи жолу катышууда. Быйыл аталган форумга премьер-минист Сапар Исаков баштаган делегация барган.