ОШ, 23-янв. — Sputnik. Пара менен кармалган Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын мурунку орун басары Р.А. райондук сот тарабынан акталды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, ИИМ кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде Р.А. миң доллар пара талап кылып, Ош шаарында ал каражаттын 40 миң сомун алып жаткан учурунда 2017-жылы 19-майда колго түшкөн.
Осмонкуловдун айтымында, актоо чечими менен Кара-Суу райондук прокуратурасы макул эмес.
"Кара-Суу райондук соту Кылмыш Жаза кодексинин 304чү жана 313-беренелери боюнча айыпталган Р.А. аттуу жарандын кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу актоо өкүмүн чыгарган. Тактап айтканда, сот отурумунда иш боюнча негизги күбө Т.Т. тергөө учурунда берген бардык көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан. Күбө айыпталуучу Р.А. аттуу жаранга акча карыз экендигин жана 2017-жылдын 15-май күнү Кара-Суу РИИБге барганда айыпталуучу ага "карызыңды бербейсинби" деп элдин көзүнчө уяткарып, сөккөндүгүнөн улам андан өч алуу максатында УКМК тергөөчүсүнө жалган билдирүү бергендигин айткан. Ал жасаган ишине өкүнүп жатканы боюнча көрсөтмө берген", — деди ал.
Иш боюнча башка күбөлөр да айыпталуучунун кармаган учурун гана көрүшкөнүн, чөнтөгүнөн акча алып чыкканда "пара" деген жазууну көрбөгөнүн айтышкан.
Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ош облустук сотуна аппедляциялык арыз жазылды.
Эске салсак, мурунку милиционер Р.А. Кыргызстандын кикбоксинг боюнча үч жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча дүйнө кубогунун ээси, вале-тудо боюнча Азия чемпиону болгон.