Окуучулар рэкетчиликтин кесепетин пьесадан көрүштү

Өспүрүмдөргө экстремизм, терроризм жана мектеп рэкетчилигинин кесепеттери тууралуу маалымат берилди
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте 9-10-класстын окуучуларына мектеп рэкетчилиги тууралуу театрлаштырылган пьеса көрсөтүлдү. Бул иш-чара "Балдар биздин келечегибиз" аттуу форумдун алкагында өткөн. Аны Бишкек ШИИБи уюштурду.

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык колледжинин студенттери эжесин таарынткан бейбаш баланы бычактап салган окуучунун окуясын көрсөтүп беришкен.

1 / 4
Бишкекте 9-10-класстын окуучуларына мектеп рэкетчилиги тууралуу театрлаштырылган пьеса көрсөтүлдү.
2 / 4
Бул иш-чара "Балдар биздин келечегибиз" аттуу форумдун алкагында өткөн.
3 / 4
Аны Бишкек ШИИБи уюштурду.
4 / 4
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык колледжинин студенттери эжесин таарынткан бейбаш баланы бычактап салган окуучунун окуясын көрсөтүп беришкен.

Сценарий боюнча бейбаш бала өзү теңдүүлөрдөн акча чогултуп, кийимдерин тартып алып турган. Балдардын бири акча бере албай калганда анын жаңы спорт бут кийимин алып койгон. Эжеси окуя тууралуу билип, териштирүү үчүн барган.

Таластын Покровка айылында 15 өспүрүм түндө мушташып бир бала каза болду
Бул учурда бейбаш бала кызды жаакка чаап жиберген. Аны көргөн окуучу эжесин коргойм деп тартипсизди сайып салган. Бул окуянын бардыгын түзөтүү колониясына түшкөн окуучу тергөөчүлөргө айтып берген. Пьеса 90-жылдары турмушта болгон окуянын негизинде коюлган.

"Балдар биздин келечегибиз" аттуу Бишкекте өткөн форумга 9-10-класстын 1400дөн ашык окуучусу, ИИМдин, казыяттын жана билим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышкан.