БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Муфтий Сауд Аравиянын ажылык министрлиги былтыркы уюштуруу иштерине жогорку баасын бергенин айтты.
Токтомушев жолугушууда 2018-жылдагы ажылык боюнча Сауд Аравиянын талаптарын айтып берген. Муну менен катар 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын курамына өзүнүн ыраазычылыгын билдирген.
Ошондой эле муфтий 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабды Жоробай ажы Шергазыев жетектей турганын билдирип, жамаатка тааныштырган.
Муфтияттын маалымат кызматы Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу 2014-жылдан бери бир системага түшкөнүн белгилейт.