Чычкан суусуна түшүп кеткен май ташуучу унаа чыгарылды

Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Чычкан суусуна түшүп кеткен май ташуучу Freightliner 22-январь күнү саат 15.30да чыгарылганын ӨКМ билдирди.

52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кеткен автобус. Кырсыктын чоо-жайы айтылды
Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү сууга кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсыктан жабыркаган дагы эки киши аймактык ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү ишкердин суунун боюнда жайгашкан балык чарбасына зыян келтирилип, төрт тоннага чукул балык кырылып калганы айтылган.

Министрликтин маалыматында кечээ окуя болгон жерге Токтогул райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн беш куткаруучусу жана Кара-Көл шаарындагы Нарын ГЭС ишканасынын QY100K үлгүсүндөгү 100 тонналык чоң кран унаасы тартылган. Суудан чыгарылган май ташуучу унаа тралга жүктөлүп, Токтогул районун көздөй жөнөтүлгөн.