Күйүүчү майга ууланып кырылган балыктарды сузуп чыгышты. Чычкандагы видео

Ишкер чарбасындагы 20 тоннадай балыктын төрт тоннага жакыны кырылып калганын айтты
Sputnik

Күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулагандан кийин төрт тоннадай балык ууланып өлдү. Бул турасында Sputnik Кыргызстан агенттигине балык чарбанын ээси Аманжан Борбиев билдирди.

Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымында сууга кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсыктан жабыркаган дагы эки киши аймактык ооруканага жеткирилген. Унааны тартып чыгаруу үчүн Нарын ГЭСтен 100 тонналык чоң кран тартылып, 22-январь күнү саат 15.30да чыгарылган

Бензовоз марки Freightliner упал в реку Чычкан

Ишкер Чычкан суусунун боюна балык чарба негиздеп 10 жылдан бери иштетип келгенин айтып берди.

"Негизи бул жерде 20 тоннадай балык багылат. Азыр төрт тоннага жакыны кырылып калды. Суу үстүнө калкып чыгып калган балыктарды сузуп алып каптарга салып жатабыз. ӨКМден, Экотехинспекциядан келип көрүп кетишти. Окуянын чоо-жайы такталгандан кийин тиешелүү тарап чыгымдарды төлөп берет деген ойдомун", — деди Борбиев.

Последствия падения бензовоза в реку Чычкан
Ошондой эле ал насыя алып чарбасын өркүндөтүп жатканын айтып, балыктарынын бир килограммы 380 сомдон сатыла турганын белгиледи.

Ал эми Мамэкотехинспекция кырсыктан көлмөдө өстүрүлгөн 2,5 тонна форель балыгы өлүп, келтирилген зыян базар баасы менен эсептегенде 950 000 миң сомду түзгөнүн маалымдады. Массалык кырылуусунун себебин аныктоо үчүн балыктар ветеринардык инспекциянын лабораториясына жөнөтүлгөн.