БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өз маалында төлөбөгөнү үчүн 1287 абоненттин жарыгы аралыкта туруп өчүрүлгөнүн "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Маалыматта электр энергиясы үчүн акча 8-январга чейин төлөнүшү керектиги айтылат. Жарыгы өчкөн абоненттердин жалпы карызы 9 миллион сомго чукулдап барат.
398 абонент карызынан кутулган. Алардын жарыгы да аралыктан туруп күйгүзүлгөн.