Бишкекте мугалим окуучуну жаакка чапканбы? Билим берүү министрлигинин жообу

Министрликтин маалымат кызматы учурда шаардагы бардык мектептерде текшерүү жүрүп жатканын билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Facebook тармагында окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин видеосу катуу талкууга алынууда. Видеону Талант Өмүралиев аттуу колдонуучу жарыялаган.

​​Окуя кайсы жакта болгону так жазылган эмес. Ошентсе да интернет колдонуучулар эки жаатка бөлүнүп, айрымдары мугалимдерди оройлугу үчүн жемелешсе, кээ бирлер окуучулардын маданияты такыр эле төмөндөп кеткенин жазышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы шаардагы бардык мектептерде текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

ОкуяларКыргызстанКоомЖаңылыктарбалдармектепмугалимокуучу