Кыздар жана балдар рингде жолугат. Жакында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 31-январдан 4-февралга чейин уланат
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган кыздар жана балдар арасында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 31-январдан 4-февралга чейин уланат. Ага 10 салмак категориясы боюнча балдар жана үч салмак түрү боюнча кыздар катышат.

Уюштуруучулары — Олипиадалык спорт боюнча дирекция жана КРдин Бокс федерациясы. Дирекция тарабынан 1 миллион 192 миң сом каралган.

Турнирге Казакстандын, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Кыргызстандын спортчулары катышат.