Бир инспектордун формасы 20 миң сомго айланды. Бул тууралуу Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлердин байпагынан тарта баш кийимине чейинки формасы алмаштырылган.
"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн атайын форма тигилген. Андагы сызыктар өтө чоң эмес. Анткени мындан чоң кыла турган болсок маскарапозго окшоп калчудай. Сырткы кийим кышкысын калың болгондуктан атайын жилет берилген жок. Бир кызматкердин формасы 20 миң сомду түздү", — деди Саркулов.
Ал күн жылып калганда кызматкерлер атайын жилеттерди кийип кызмат кыла турганын кошумчалады.