Өкмөткө барып иштегенден кийин айрым маселелерге көз карашым өзгөрдү. Бул тууралуу Толкунбек Абдыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыска убакыттын ичинде бир топ иштер жасалды.
"Өкмөткө барып иштегенден кийин айрым маселелерге көз карашым өзгөрдү. Анткени кээ бир жагдайлар Улуттук банктын жетекчиси катары караганда башкача көрүнчү. Мисалы, банктын төрагасы болуп турганда чоң долбоорлордун экономикалык пайдасын гана ойлочубуз. Ал эми өкмөткө барганда элге пайдасы тиеби, жашоосун өзгөртөбү деп ойлонуп эки тараптан карап калдым", — деди Абдыгулов.
Ал жетекчилердин алмашуусунан Улуттук банктын иши үзгүлтүккө учурабагандыгын кошумчалады.