Эки күндө бирден! Былтыр канча миллиардер пайда болгон

Oxfam уюмунун докладын түзүү үчүн Credit Suisse менен Forbes журналынын маалыматтары колдонулуп, ошондой эле 10 өлкөнүн 70 миң жашоочусу сурамжыланган
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча ар бир эки күн сайын бирден миллиардер пайда болуп отуруп, алардын саны жыл ичинде 2043кө жетти. Бул тууралуу Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк экономика форумунда белгилүү болгонун РИА Новости жазды.

Бул изилдөөнү жасаган Oxfam уюмунун маалыматына караганда, алардын бардыгынын байлыгы 762 миллиард долларга жетти.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү өтө жакыр адамдардын абалы түк дагы жакшырган эмес. Тагыраагы, 3,7 миллиард кембагал үй-бүлө ошол бойдон кала берди.

"2006-жылдан тарта 2015-жылга чейин дүйнөдөгү миллиардерлердин кирешеси орто эсеп менен жыл сайын 13 пайызга өсүп турган. Бул маалда ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекеттик кызматкерлеринин айлыгына эки гана пайыздан кошумча болгон", — деп жазылат макалада.

Oxfam уюмунун докладын түзүү үчүн Credit Suisse менен Forbes журналынын маалыматтары колдонулуп, ошондой эле 10 өлкөнүн 70 миң жашоочусу сурамжыланган.