Жээнбеков кыргыз-өзбек ортосундагы ишенимди бекемдеген мыйзамга кол койду

Мыйзам 21-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган болчу
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

"Макулдашуунун максаты кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча маселелерди жөнгө салуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле макулдашуу региондук коопсуздук жана туруктуулук, террорчулук менен баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет.