Чамдагыла! Эл аралык эне тил күнүнө карата студенттердин олимпиадасы өтөт

Олимпиадага Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында окуган 1-2-курстун бардык факультеттеринин (кыргыз тили жана адабияты, журналистика адистигинде окугандардан башка) студенттери катыша алат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Эл аралык эне тил күнүнө карата студенттер арасында олимпиада өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак 20-февралда башталат.

"Катышуучулар сунушталган темада 20-февралда дил баян же эссе жазышса, 5-7 мүнөттүк видео роликтерди алдын ала даярдап келүүлөрү зарыл. Ошондой эле көркөм окуу да болот" — деп жазылат маалыматта.

Сынакка Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында окуган 1-2-курстун бардык факультеттеринин (кыргыз тили жана адабияты, журналистика адистигинде окугандардан башка) студенттери катыша алышат.