Өзбекстанда ымыркайдын денесинен 16 ийне табылды

Ийнелер ымыркайдын организминде бир-бир жарым айдан бери жүргөн
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык ымыркайдын денесинен  кийим тигүүчү 16 ийне табышты. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.

Буга чейин kun.uz жергиликтүү басылмасы ымыркайдын энеси дарыгерлерге кайрылгандан кийин ага рентген тартылганын жазган. Мындан улам бала Ташкенттеги республикалык шашылыш медициналык жардам борборуна жаткырылып, операция жасалган.

"Тогуз саатка созулган операция жасалып, ымыркайдын денесинен 13 ийне алып чыгарылды", — деп агенттиктин маектеши билдирген.

АКШда шерифтин жардамчысы сот учурунда айыпталуучуну атып алды
Анын айтымына караганда, ымыркай алсыз болгондуктан калган үч ийне кийинки операцияда алынмай болду. Учурда ал реанимация бөлүмүндө.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде бир-бир жарым айдан бери жүргөнү аныкталганын маалымдаган.

Медициналык борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Хабибулла Акимов kun.uz басылмасына ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгонун айтып, ал анын баарын өзү жутуп алышы мүмкүн эместигин белгилеген.

Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган факты боюнча иликтөөлөрүн баштады.