"Алп алтайлыктар" түшкөн сүрөттүн кайда качан тартылганы белгилүү болду

Акыркы күндөрү Кыргызстандагы интернет колдонуучулар бою эки метр болуп этнокостюм кийген алп кишилердин сүрөтү талкууга түштү. Алардын жанындагы жапалдаш бойлуу үч кишини кыргызстандыктар дешсе, алптарды алтайлыктар дешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Талашка түшкөн алп адамдардын жанында көк костюм кийип сүрөткө түшкөн киши Алматы облусунун маданият башкармалыгынын жетекчиси Акан Абдуалиев экенин "Арлан Жете" улуттук костюмдар театрынын негиздөөчүсү жана башчысы Муслим Жумагалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Руководитель управления культуры Алматинской области Акан Абдуалиев

Акыркы күндөрү Кыргызстандагы интернет колдонуучулар бою эки метр болуп этнокостюм кийген алп кишилердин сүрөтү талкууга түштү. Алардын жанындагы жапалдаш бойлуу үч кишини кыргызстандыктар дешсе, алптарды алтайлыктар дешкен. Айрымдары бул сүрөт Ысык-Көлдө тартылганын да жарыялап жиберишкен. Кийин сүрөттөгү алп кишилер Казакстандагы "Арлан жете" театрынын актерлору экени аныкталган. 

"Сүрөт Астана шаарынын ат майданында тартылган. Ал жакта "EXPO-2017" иш чарасынын алкагында "Этноайыл" ачылган болчу", — деди Жумагалиев.

Ал көк түстөгү костюм кийген киши Алматы облусунун маданият башкармалыгынын жетекчиси Акан Абдуалиев экенин кошумчалады. Ошол эле учурда анын жанындагы эки киши ким экенин билбей турганын айтты.