КР менен Россиянын аскердик кызматташуусу тууралуу келишим ратификацияланды

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы "Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Москвадагы эл аралык жарманке: Кыргызстан төрт ири компания менен келишим түздү
Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарындагы аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү механизмин өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Андан сырткары, Куралдуу күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн, атайын кызматтарын куралдын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдууну көздөйт.

Ошондой эле бул келишимди ратификациялоо коргоо өнөр жайынын ишканаларына биргелешип иштөө үчүн шарттарды түзүп, эки тараптуу аскердик кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүүгө, коюлган маселелерди чечүү үчүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кубаттуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.