Акыры жеттик! Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине аялдама курулууда

Аялдаманын ордун дайындап, устундарды жана таштанды челектерди орнотушту
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте Киев көчөсү менен батышты көздөй бара жатканда Абдрахманов көчөсүнөн өткөндөн кийинки бөлүгүнө аялдама курулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 4
Бишкекте Киев көчөсү менен батышты көздөй бара жатканда Абдрахманов көчөсүнөн өткөндөн кийинки бөлүгүнө аялдама курулуп жатат
2 / 4
Курулуш 19-январь күнү башталган
3 / 4
Эске салсак, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече жылдан бери шаардыктар жол тосуп, авариялык кырдаал жаратып келген
4 / 4
Мурдараак ал жерге атайын тосмо коюлганына карабай, эл чогула берет.

Билдирүүгө караганда, курулуш 19-январь күнү башталган.

"Аялдаманын ордун дайындап, устундарды жана таштанды челектерди орнотушту. Ал ушул эле Киев көчөсүндөгү Айыл чарба министрлигинин жанындагыдай айнектен болот. "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жумушчулары бир нече күн иштешет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече жылдан бери шаардыктар жол тосуп, авариялык кырдаал жаратып келген. Мурдараак ал жерге атайын тосмо коюлганына карабай, эл чогула берет.