Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган унаа кулап, бир адам көз жумду. Видео

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаадан жабыркагандарды жана каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгышкан
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкек — Ош жолунда күйүүчү май ташыган Freightliner унаасы Чычкан суусуна түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык түнкү саат 23.15те болгон. 

Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган унаа кулап, бир адам көз жумду

"Айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, экөө жаракат алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаадан жабыркагандарды жана каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

1 / 3
Ишемби күнү Бишкек — Ош жолунда күйүүчү май ташыган Freightliner унаасы Чычкан суусуна түшүп кеткен
2 / 3
Кырсык түнкү саат 23.15те болгон.
3 / 3
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаадан жабыркагандарды жана каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Ошондой эле унаада 38 тонна бензин болгону айтылды.