Радио

Откеев: биздин эл комедия жанрына жакын

Режиссёр Сүйүн Откеев жыл сайын Кыргызстанда 20-30 тасма тартылса, алардын бешөөсү гана өзүн-өзү актай турганын айтты
Sputnik
Откеев: биздин эл комедия жанрына жакын

Кыргызстандыктар комедия жанрына жакын экендигин Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү тарткан тасмалар кеткен чыгымын толук жабат.

"Кыргыз менталитетине негедир эң жакын жанр бул – комедия. Жашоодо элдин көйгөлөрү көп болгондуктанбы, айтор, эки саат болсо да күлүүнү каалашат. Драма жанрындагы тасмалар интернет айдыңында көп көрүлүп, ал эми комедия көрүү үчүн эл кинотеатрга барат", — деди Откеев.

Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлгөн тасмаларга орточо эсеп менен 30 миңдей киши барарын кошумчалады.