Бишкекте үч машина кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр

Жол кырсыгынан айдоочулардын бири жаракат алган
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекте үч машина кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 21-январда саат 10:30дар чамасында Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

1 / 5
Бишкекте үч машина кагышкан
2 / 5
Жол кырсыгы бүгүн, 21-январда саат 10:30дар чамасында Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
3 / 5
Алдын ала маалымат боюнча Land Cruiser автоунаасы Volkswagen Passat машинасын сүзгөндө ал артты карап туруп калган.
4 / 5
Бул учурда Honda Odyssey машинасы ага келип урунган.
5 / 5
Passat автоунаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылды.

Алдын ала маалымат боюнча Land Cruiser автоунаасы Volkswagen Passat машинасын сүзгөндө ал артты карап туруп калган. Бул учурда Honda Odyssey машинасы ага келип урунган.

"Айдоочулар күнөөлөрү жок экенин айтышууда. Бардыгы тең "жашыл түскө өтүп баратканбыз" деп жатышат", — деди инспекторлор.

Passat автоунаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.