Карлуу асманда калдаңдап келе жаткан учак кантип конду. Видео

Болонья — Дюссельдорф аба каттамындагы учак бороон-чапкынга туш болуп, асмандан калдаңдаган тейде келип, араң конгон. Тобокел жараткан бул учур видеого тартылып, интернетке жайгаштырылган.
Sputnik

Караңгыда асманда капысынан пайда болгон жарык америкалыктардын жүрөгүн түшүрдү
Анда бороондун ылдамдыгы Дюссельдорф аэропортунда саатына 110 чакырымга жеткендиги айтылат.

Видеодон учактын канаттары калдаңдап, жерге жетип-жетпеген учурда да катуу чайпалып, ал эми конгондо капталдап барып, анан түзөлүп кеткендигин байкоого болот.

Интернет колдонуучулар аба кемесин башкарган учкучтун тажрыйбасы менен ийкемдүүлүгүнө таңгалып, тамшанып жазышты. Бир катарлары муну "легенда" деп атап, учкучка сыйлык берүүнү да сунуштады.

Германияда 18-декабрда "Фридерике" бороонунан улам кооптуулуктун кызыл деңгээли жарыяланган. Өлкөнүн кээ бир аймактарында бороондун ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жеткен.

Табигат кырсыгы темир жол кыймылын үзгүлтүккө учуратып, миңдеген үйлөр электр кубатысыз калган.