Микротолкундуу мештердин ден соолукка таасири айтылды

Окумуштууларды түйшөлдүргөн дагы бир маселе — эми аларды жок кылуу болуп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Манчестер университетинин окумуштуулары тамак-аш жылыткан микротолкундуу мештердин айлана-чөйрөгө кандай таасир тийгизерин аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Күндүз уктоо ден соолукка кандай таасир этерин окумуштуулар айтты
Евробиримдиктин аймагында эле микротолкундуу мештер 6,8 миллион автоунаа бөлүп чыгарган диоксид көмүртегин иштеп чыгарын айтышты. Изилдөөдө мындай көлөм глобалдуу жылуулукка алып келүүгө кадимкидей көмөкчү болору аныкталган.

Адистер муну менен катар эле аталган техника айлана-чөйрөгө өзүнүн таасирин да тийгизерин белгилешти. Окумуштуулар Евробиримдиктин аймагындагы бул мештер орто эсеп жылына үчкө чукул газ электр станциясынын иштеп чыга турган энергияны сарптарын айткан.

Окумуштууларды түйшөлдүргөн дагы бир маселе — аларды жок кылуу болуп турат.

"Бүгүнкү күндө эл улам жаңы техниканы алып, эскилерин кантип жок кылуу керек деген көйгөй олуттуу болуп бара жатат. Тереңирээк карап көрсөк, таштандылардын ичинен ыргытылган жабдуулар көптүк кылат", — деп айткан доктор Алехандро Гайего Шмидт.

Адистер анын зыяндуулугун азайтуунун бир жолу катары тамак-ашты кыска мөөнөттө жылытып же бышырып, андан соң дароо өчүрүп салууну сунушташты.