Кыргызстан былтыр чет өлкөгө канча тонна алтын, күмүш сатканы жарыяланды

Алтындын басымдуу бөлүгү Швейцарияга кетет
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылы дээрлик 27 тонна алтын жана күмүш экспорттогон. Бул туурасында Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти билдирди.

Багы ачылабы? MegaCom компаниясын сатып алууну каалагандар пайда болду
Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча алтындын басымдуу бөлүгү Швейцарияга ташылат. Өткөн жылдын 10 айында 498 миллион долларлык алтын экспорттолсо, анын 470 миллион долларга жакынын Швейцария сатып алган.

Былтыр Кыргызстан чет жакка 19 тонна 853,1 килограмм алтын жана 17 тонна 57, 2 килограмм күмүш экспорттолгон.