52 киши күйүп кеткен автобустагы өрт каңдоочу лампаны колдонуудан чыкканы айтылууда

Каңдоо лампасын айдоочулар салонду жылытуу максатында пайдаланышы мүмкүн деп божомолдонууда
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстанда 52 адам менен күйүп кеткен автобустун ичинде каңдоо лампасы (паяльник — ред.) жана бензин куюлган канистра болгон. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаевдин сөзүнө таянып, Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Каңдоо лампасын айдоочулар салонду жылытуу максатында пайдаланышы мүмкүн", — деп божомолдонууда.

Казакстанда автобуста күйүп кеткен 52 адамдын тек-жайы четинен такталууда
Ушул тапта айдоочулар (Казакстандын үч жараны) жана тирүү калган жүргүнчүлөр (Өзбекстандын эки жараны) сурак берип жатышат.

Каза болгон жарандардын сөөктөрүн Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту Ташкент шаарына алып кеткени айтылды.

Каргашалуу окуя 18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп, 57 кишинин бешөө гана аман калган.