Кар, тоо, карагай, таза аба... "Каракол" лыжа базасынан кереметтүү ирмемдер

Sputnik

Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы бар. Алардын ичинен борбордон эң алысы болуп Каракол шаарындагы база саналат. Бишкектен ага жетиш үчүн 400 чакырымдан көбүрөөк аралыкты басып өтүү керек.

Кыргызстандагы кышкы эс алуу: кайсы жерге канча акча менен эс алса болот
Үйрөнчүктөр үчүн трассанын узундугу — 400 метр болсо, жакшы тепкендер үч чакырымдык жолго түшүшөт.

Мурда бул жерге көбүнчө Россия жана Казакстандан келишчү. Бирок акыркы жылдары кыргызстандыктар өздөрү арбын каттай баштаганын, алардын ичинде түштүк региондордон келгендер дагы бар экенин базанын директору Валерий Буйков билдирди.

Бирок быйыл бир көйгөй пайда болду.

"Кардын дээрлик жок болуп жаткандыгынан көпчүлүк келүүдөн баш тартып, мурдагы брондогон орундарынан баш тартып жатышат. Россиядан жана Казакстандан келгендер абдан аз", — деди директор.

Бирок ал кардарлардын жок экенине карабай, база киреше алып келип жатканын кошумчалады.

1 / 13
"Каракол" — борбордон эң алыс жайгашкан лыжа базасы. Бишкектен ага жетиш үчүн 400 чакырымдан көбүрөөк аралыкты басып өтүү керек
2 / 13
Лыжа тебүүнүн эң бийик жери 3040 метр бийиктикте жайгашкан
3 / 13
Мурда Россия жана Казакстандан туристтер көп келчү базага учурда кыргызстандыктар арбын каттай баштады
4 / 13
Үйрөнчүктөргө арналган трассанын узундугу — 400 метр
5 / 13
Кесипкөйлөр үч чакырым аралыкты басып өтүшөт
6 / 13
Тоого көтөрүлчү асма жолду колдонуу үчүн иш күндөрү — 900 сом, дем алышта — 1 200 сом төлөйсүз
7 / 13
Базанын эң бийик жеринен айлананын көрүнүшү
8 / 13
Асма жол карагайларды аралап өтөт
9 / 13
"Каракол" лыжа базасын Россия жана Казакстандан келген туристтер абдан жакшы көрүшөт
10 / 13
Бул жылы кар аз түшкөндүктөн, туристтер аз келип жатат
11 / 13
Кардардын жок экенине карабай, база киреше алып келүүдө
12 / 13
Базада кесипкөй инструкторлор иштейт
13 / 13
Иш убактысы 9.00дөн 16.00гө чейин.