Instagram баракчага ким канчада киргенин көрсөтүп турмай болот

Маектештин баракчага качан киргени кат жөнөткөн сапта көрсөтүлөт
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Instagram популярдуу фото сервиси колдонуучулар баракчага акыркы жолу качан киргенин көрсөтө турган функцияны ишке киргизгени жатат. Бул тууралуу Mashable порталы жазып чыкты.

Бишкекте жарык өчүп калса мессенджер аркылуу даттанууга болот
Жаңы опция "Active At" деп аталып башка социалдык тармактардагыдай эле принцип менен иштейт (Facebook Messenger или Telegram).

Маектештин баракчага качан киргени кат жөнөткөн сапта көрсөтүлгөн болот.

Учурда аталган жаңы функция тестирлөө стадиясында. Басылма анын сүрөт көчүрмөсүн дагы жарыялады.