Мени издесең ырларымдан табасың... Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси өтөт

Кечеде акындын обондуу чыгармалары аткарылып, ырлары көркөм окулат
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 25-январь күнү Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовду эскерүүгө арналган "Мени издесең ырларымдан табасың" аттуу кече өтөт. Бул тууралуу Мамлекттик тил комиссиясынан билдиришти.

Иш-чара Тил комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик кадр кызматы, Улуттук жазуучулар союзу жана Эгемберди Эрматов коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

"Эскерүү кеченин расмий бөлүгүнөн кийин Асылбек Өзүбеков, Чолпон Алсеитова, Азиз Батыров, "Камбаркан" ансамблдери тарабынан Эрматовдун обондуу ырлары тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бир катар окуу жайлардын студенттери акындын ырларын көркөм окушат.

Кече Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.