Бишкекте эки унаа бет маңдай сүзүштү. Кырсыктан кийинки кадрлар

Окуя бүгүн кечки саат 19.30дар чамасында болгон
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа кагышып, эки адам жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Кырызстан агенттигине күбө WhatsApp канал аркылуу билдирди. 

Бишкекте эки унаа бет маңдай сүзүштү. Кырсыктан кийинки кадрлар

Анын айтымында, окуя бүгүн кечки саат 19.38дер чамасында болгон. 

“BMW унаасынын айдоочусу жеңил жараат алыптыр. Экинчи унаанын айдоочусу башы жабыраптыр. Эки унаанын тең ичинде айдоочулар жалгыз болгон экен. Тез жардам чакырдык”, — деди күбө. 

Тез жардам кызматы аталган дарекке саат 19.33тө чакыруу түшкөнүн айтып, эки адам жаракат алганын билдирди. Бирөө Улуттук госпиталга жеткирилген, экинчисин жолдо алып баратканы маалым болду. 

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.