"Аруузатына" арбалган Аскат Мусабеков тууралуу 9 факты

Бүгүн салттуу музыкага басым жасап, комуздун коштоосунда обон созгон ырчы Аскат Мусабеков 33 жашка толду. Ал 1985-жылы 20-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында туулган.
Sputnik

Ырчы эл оозуна "Карындашым", "Аруузатым", "Шириним", "Лейли", "Жамиля", "Кара кыз" аттуу ырлары менен алынган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков тууралуу 9 факты сунуштайт.

1. Ырчы менен атасы Мусабектин туулган күнү бир күндө. Атасы 28 жашын белгилейин деп үйгө досторун чакырат. Коноктор четинен келип жайланыша баштаганда ай-күнүнө жетип калган апасынын толгоосу келет. Анан коноктор апасын төрөт үйүнө жеткирип, кыштын кыраан чилдесинде Аскат жарык дүйнөгө келет.

Певец кыргызской эстрады Аскат Мусабеков

2. Мугалимдин баласы. Атасы убагында мектеп директору, айыл өкмөтү, сельсоветтин төрагасы болуп иштеген. Учурда мектепте мугалим, айылдык кеңештин депутаты. Апасы болсо — чет тилчи. Аскат 6 бир туугандын үчүнчүсү.

3. Кичинекей кезинде үнү аябай жагымсыз болгон. Болочок ырчы ошого карабай эле чыйылдап ырдай бергенин айтат.

Жийдеш Идирисова 33 жашта! Отуздан кийин топ жарган ырчы тууралуу 7 факты
4. Билим, илим, изденүү… Ат-Башы районунда 10-класска чейин окуп, акыркы классын Бишкек шаарындагы №69 гимназияда бүтүргөн. 2003-2005 жылдары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиянын комуз бөлүмүн аяктаган. 2005-2010 жылдары Улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын элдик ырдоо бөлүмүндө профессор, КРдин Эл артисти Улукмырза Полотовдон билим алган.

5. Чоң сахнага 2005-жылы Сыймык Бейшекеевдин "Карындашым" аттуу ыры менен тушоосун кесип, андан кийин Калмурат Рыскуловдун "Махабатым" ыры менен чыгат. Дегеле Аскат Мусабеков бул дүйнөдөн эрте узаган жаш обончу Калмурат Рыскуловдун ырларын көп аткарат.

6. Атактуулук алып келген "Аруузатым". Бир күнү Токтогулга барып, Элмирбек Иманалиевдин ушул ырын өзүнүн аткаруусунда угуп ашык болуп калат. Анан автордон сурап ырдайт. Бул тууралуу "Аруузатымды" биринчи жолу Токтогулдан уккам. Ошондо эле ырдап чыксам деп кызыккандар көп болгон. Акыры мага буюрду" деп айтканы бар.

Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков

7. Сууда сүзүүгө, лыжа, коньки тебүүгө абдан кызыгат. Акыркы жылдары бассейнге жазылып, жумасына 3-4 жолудан барып турат. Эки чакырымга чейин тынбай сүзө алат.

8. Калем кармаганда… Студент курагында жазган "Жамгыр", "Рельс жолдору", "Күзгү нөшөр", "Өрт" деген чакан аңгеме, новеллалары гезит беттерине чыккан. Ырчы азыр дагы кагаз менен калем кармап калаарын айтат.

9. Эки баланын атасы. Ырчынын Акзыйнат аттуу кызы жана Аскар атуу уулу бар.