БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Нарын менен Түркиянын Кастамону аймагы бир тууган облус катары кызматташып, эки тарап экономикалык жана гуманитардык багытта бир нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Кастамону облусунун чакыруусу менен Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов башында турган делегация Түркияга барды. Тогуз адам облустук, шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайларында болуп, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп келишти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында нарындык дарыгерлерди квартал сайын Кастамону облусундагы медициналык клиникаларга тажрыйба алмашуу үчүн жиберүү чечилген. Андан сырткары, Нарын мамлекеттик университетинин базасында түрк тили жана маданият борборун, заманбап илимий лаборатория ачуу боюнча макулдашылып, эки калаанын достугунун урматына Нарындын борборунда достук паркы курула турган болду.
Муну менен бирге жакынкы жылдары Нарын облусунун Жумгал районуна көмүрдү брикеттөө ишканасын ачуу, этти кайра иштетүү комбинатын куруу, кымызэкспорттоо, жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлор талкууланган.