Окумуштуулар адамзаттын жашоосу качан бүтөрүн айтышты

Илимпоздор биз жашап жаткан планетанын температурасы сүт эмүүчүлөр үчүн ылайыксыз болуп каларын белгилешкен
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары адамдар менен сүт эмүүчүлөр жердин бетинен качан жоголорун Американын илимдер академиясынын расмий билдирүүсүндө кабарлады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окумуштуулар: майлуу тамак жесе да кишини семиртпей турган азык табылды
Окумуштуулар адам баласын климаттын өзгөрүүсүнө кабыларын айтышкан. Атмосферага парник газдарынын чыгуусу азайса да, планетада энергияны колдонуу арбый турганы билдирилген.

Илимпоздордун айтуусунда, 2200-2400-жылдары планетада адамдар менен сүт эмүүчүлөр жашай албай калган температурага туш болот.

Буга чейин адамзатты кыргынга өзөктүк курал, пандимия, Жердин астероид менен кагылышы учуратат деген пикирлер да айтылып келген.