Былтыр жол эрежесин бузгандардан мамлекетке 383 млн. сомдон ашык акча түшкөн

ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов былтыр өлкө аймагында катталган жол кырсыктары тууралуу маалымат берди.
Sputnik

Былтыр Кыргызстандагы жол кырсыктарынан 803 чоң киши, 104 бала каза болгон
Анын айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы өлкө аймагында 6 миң 346 жол кырсыгы катталып, 2016-жылга (5 868 жол кырсыгы катталган) караганда 8,1 пайызга өскөн.

Жол кырсыктарынан 9 568 киши түрдүү жаракаттарды алып, мурдагы жылга салыштырмалуу (2016-жылы 8 896 жаракат алышкан) 7,6 пайызга көбөйгөн.

Андан сырткары, өлкө аймагында 771 миң 540 ар кандай жол эрежелерин бузуу аныкталып, күнөөлүү адамдарга административдик чара көрүлгөн. Натыйжада бюджетке 383 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.

"Жол кырсыгынан 907 киши каза болгон. Былтыркыга салыштырмалуу 3,3 пайызга аз. 2016-жылы 938 адамды каза тапкан. Андан сырткары, 1432 бала жол кырсыгына кабылган. Бул көрсөткүч 2016-жылга караганда 9 пайызга аз. Мурдагы жылы 1575 бала жаракат алган. Ал эми жол кырсыктын айынан каза болгон балдардын саны 104 түзсө, 2016-жылы бул көрсөткүн 128ге жеткен", — деди ал.

Саркулов жол кырсыгынан жаракат алган балдардын саны былтыр 1622 болсо, мурдагы жылы бул көрсөткүч 1754тү түзгөнүн кошумчалады.