“Асанбай” кичи районунда жөө адамды унаа коюп кетти. Кырсыктан кийинки видео

Кырсык 18-январда болгону белгилүү болду
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте унаа бир адамды коюп кетти. Видео жазылманы Johny Zak атуу колдонуучу YouTube каналына жүктөдү. 

Тасмада көрүнүп тургандай Токомбаев көчөсүндө микроавтобус турат. Андан бир нече метр алыстыкта милициянын формасын кийген адамдар байкалат. 

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Sputnik агенттигине кырсык болгондугун ырастады. Маалыматка караганда, окуя 18-январда саат 19.30дар чамасында болгон. 

“Жабыркаган адамдын абалы азырынча белгисиз. Ал ооруканага жаткырылган. Аны коюп кеткен айдоочу качып кеткен эмес”, — деп милициядан билдиришти. 

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.