Министр Батыралиев арыз-дооматтар үчүн жеке WhatsApp номерин жарыялады

Аталган номерге келген бирдирүүлөрдү министр өзү көзөмөлгө алат
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Мындан ары жарандар саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрүн министрдин WhatsApp номерине жөнөтсө болот. Бул тууралуу Талант Батыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган номерге келген бирдирүүлөрдү министр жеке көзөмөлгө алат.

Кыргызстанда "Биринчи жардамды" смартфонго жүктөп алууга болот
"Жарандар саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтерди 0 555 596000 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүп турса болот. Маселени жеке көзөмөлгө алабыз. Дарыгерлер "жарандар министрдин өзүнө чалышууда, кутулдум" деп жатышса керек. Анан жылдын аягы келет. Кайсы аймактан канча билдирүү түшкөнүн анализдеп туруп, ошол аймактын дарыгерлерине бул маселелер эмне үчүн чечилбегендигин сурайм. "Мен өзүм маселени Бишкектен туруп чечсем, анда мага сендей жетекчинин эмне кереги бар?" деп сурайм. Ошондуктан жетекчилер ойлонсун", — деди Батыралиев.

Ал дарыгерлер элдин кызматын кыла турган адамдар экенин сезе турган учур келгендигин кошумчалады.