Ажыга барчулардын кийимин тигүүгө жана эмдөөгө конкурс жарыяланды

Быйыл Сауд Аравия Кыргызстан үчүн жалпысынан 5400 квота бөлгөн
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Муфтият быйыл ажыга барчулардын кийимин тигүүгө жана зыяратчыларды менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөө үчүн конкурс жарыялады.

Быйылкы ажылык сапарды уюштурууга даярдык башталды
Сынак 18-январдан 19-февралга чейин болот. Бул мөөнөт аралыгында кызыкдар тараптар муфтиятка кайрылуусу керек. Билдирүүдө аталган мөөнөттөн кеч калгандар конкурска катыша албай турганы айтылат.

Белгилей кетсек, быйыл Сауд Аравия Кыргызстан үчүн жалпысынан 5400 квота бөлгөн.

Муфтият быйыл ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлө тургандыктан зыяратчыларды жаңы паспорт алууга чакырат.