Актөбөдөгү 52 киши өрттөнүп кеткен кырсыктын себебин тирүү калгандар айтып берди

Окуянын чоо-жайын өкмөттүк комиссия дагы иликтеп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Автобустун ичинде бензин менен иштеген каражаттардын бири колдонулуп, анын кесепетинен өрт чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.

Казакстанда автобуста күйүп кеткен 52 адамдын тек-жайы четинен такталууда
Министрлик мындай версияны кырсыктан тирүү калгандардын көрсөтмөсүнөн кийин билдирген.

Каргашалуу окуя 18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп, 57 кишинин бешөө гана аман калган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча автобустун салонунда бензин менен иштеген каражат колдонулган. Мындай версияны аман калган айдоочулар менен жүргүнчүлөр тастыктады. Ал эми криминалдык жана жол кырсыгы сыяктуу божомолдор толугу менен жокко чыгарылды", — деп Казакстандын ИИМинен билдиришкен.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн атайын өкмөттүк комиссия дагы иштеп, жол эрежесин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда автобустун ичинен 52 адамдын күйүп кеткен калдыктары толугу менен чыгарылып, Актөбөгө жеткирилди. Эми туугандары тарабынан таануу процесси жүрүп жатат.