Радио

Сабырбеков: Бишкектеги айдоочулар бир жылда унаасына 122 миң сом сарптайт

Борбор Азиядагы Америка университетинин курчап турган чөйрөнү иликтөө жана өнүктүрүү борборунун директору Рахат Сабырбеков элдин баары унаа алгысы келет делген маалымат туура эмес экендигин айтты.
Sputnik
Сабыркулов: Бишкектеги айдоочулар бир жылда унаасына 122 миң сом сарптайт

Бишкектеги айдоочулар бир жылда унаасына 122 миң сом сарптайт. Бул тууралуу Рахат Сабырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы 1000 айдоочунун арасында сурамжылоо жүргүзүп, атайын иликтөөлөр жасалган.

"Айдоочулардын бензинге, унаасын ремонт кылууга жана башка чыгымдарга канча чыгым короторун иликтеп көрдүк. Орто эсеп менен бир жылда бир унааны кармоого 122 миң сом кетет экен. Анан Бишкектеги катталган унааларга көбөйтсөк 48 миллиард сом болду", — деди Сабырбеков.

Ал элдин баары унаа алгысы келет делген маалымат туура эмес экендигин кошумчалады.