БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Встреча Эрлана Абдылдаева с Сергеев Лавровым в Нью-Йорке
© Фото / пресс-служба МИД КР
Тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерине токтолуп, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында кызматташуу тууралуу сүйлөштү.
Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөр аралык кызматташуусун активдештирүү жана өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 20-жыйынын өткөрүү мөөнөтүн аныктоо боюнча сөз болду.