Жээнбеков Актөбөдөгү автокырсыкка байланыштуу Мирзиёевге көңүл айтты

Актөбөдөгү кырсыкта мерт болгон 52 жүргүнчүнүн баары Өзбекстандын жарандары болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Актөбө облусундагы Өзбекстандын 52 жаранынын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстандын Актөбө облусундагы трагедиялуу окуянын кесепетинен Өзбекстандын жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп билдирилген маалыматта.

52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кеткен автобус. Кырсыктын чоо-жайы айтылды
Жээнбеков кесиптеши Мирзиёевден көз жумгандардын жакындарына көңүл айтуусун жана жабыркагандарга тезирээк сакайып-кетишин тилегендигин элге жеткирип коюшун өтүнгөн.

Эске салсак, Казакстандын Актөбө облусунун Иргиз районунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кеткен. Кырсыкта мерт болгон 52 жүргүнчүнүн баары Өзбекстандын жарандары болгон. Кырсыктан эки айдоочуну кошкондо беш киши аман калган. Унаа башкарып бараткандар Казакстандын жарандары экени такталды.