Ажыга барчулар биометрикалык паспортсуз каттоого алынбайт

Былтыркы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 4 585 орун бөлүнгөн
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Быйыл Сауд Аравия ажылык үчүн Кыргызстанга 5400 квота берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, былтыркы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 4 585 бөлүнгөн.

Муфтият быйыл ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлө тургандыктан зыяратчыларды жаңы паспорт алууга чакырат.