БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Porsche Cayenne унаасын айдаган полиция кызматкери казак президентинин Астанадагы резиденциясынын дарбазасын сүздү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Porsche Cayenne унаасы Акордонун дарбазасын кагып алгандан кийинки сүрөттөр 17-январь социалдык тармактарга тараган.
Астана шаардык ички иштер департаментинин маалымат кызматы аталган факты боюнча ички иликтөө болгонун айтты.
"Атайын батальондун инспектору, полициянын ага лейтенанты Е.Иманбеков Достык көчөсү менен келе жатып, жолдун тайгагынан унааны башкара албай калган. Жыйынтыгында дарбазаны сүздү, бирок тосмого катуу зыян келтирилген жок", — деп айталат полициянын билдирүүсүндө.
Окуянын күнөөкөрү Е.Иманбеков жана анын жетекчиси, полициянын капитаны Г.Жумахметов кызматтан алынды.
Мындан тышкары, кол алдындагыларга карата тарбиялык иштерди начар уюштургандыгы үчүн аталган кызматтын жетекчилиги дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.