БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы коррупцияга каршы anticorruption.kg порталын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Долбоордун максаты — жарандарга коррупциялык иштерге каршы турууга шарт түзүү.
Маалымат ресурсунда паракорлукка көбүрөөк ыктаган аймак жана тармактардын интерактивдик картасы жайгаштырылган. Карта жарандардын арыздануусу боюнча жаңыланып турган атайын программа менен иштейт.
Ошондой эле порталда жарандар даттанып кайрыла турган бөлүгү бар.
Сайтта коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттик органдардан чогулган факты, статистика жана башка маалыматтар камтылган.