Спорттук карьерасы:
2005-2008 — Уруш түрүндөгү самбо боюнча Россиянын жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону, панкратион боюнча Атриум Кубогунун жеңүүчүсү;
2008 — ММА боюнча алгачкы жолу профессионалдар арасында CSFU: Champions League турниринде азербайжандык мушкер Вусала Байрамовду жеңген;
2012 — Америкадагы белгилүү спорттук уюм UFC турниринде тушоосун кесип, жеңүүчү болгон;
2014 — UFC уюмунун турниринде Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок Хабиб тизесинен жаракат алганына байланыштуу мушкерлер октаганондо жолукпай калган;
2015 — кабыргасынан жаракат алганына байланыштуу спорттогу тыным алуусу созулуп кеткен;
2016 — Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок бул жолу атаандашынын жаракатына байланыштуу ишке ашпай калган;
2016 — EAGLES MMA спорттук клубун негиздеген;
2017 — UFC уюмунун учурдагы жеңил салмактагы чемпиону Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок кайрадан Хабибдин ден соолугуна байланыштуу октагонго чыкпай калышкан. Россиянын командасы мушкер салмак кууйм деп машыгууну ашыкча өткөргөндүгү үчүн саламаттыгы начарлады деп билдирген.
2017 — UFC уюмунун алкагында бразилиялык Эдсон Барбозаны калыстардын чечими менен жеңип алган;
Дүйнөлүк Sherdogg порталынын маалыматы боюнча 25 жолу профессоналдуу беттеште утуп, бир дагы ирет утулуп же тең чыгып көргөн эмес. 25 беттештин тогузун атактуу делген UFC уюмунда өткөргөн.